Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

ЕККУ миссия башчысы менен Президент жолукту


ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун байкоочулар миссиясынын башчысы Радмила Шекеринска менен бүгүн президент Курманбек Бакиев экинчи ирет жолугушту. Биринчи жолугушуу узак мөөнөттүү байкоочулар ишин баштаар алдында өткөн.
Тараптар жолугушууда президентти шайлоо алдындагы коомдук-саясий турмушту, шайлоого камылгаларды талкуулашты. Радмила Шекеринска баштаган узак мөөнөттүү байкоочулар Кыргызстанда ишин 15-июнда баштаган. Бул аралыкта миссия башчысы президенттикке талапкерлердин бардыгы менен жолугушту. ЕККУ миссиясынын курамында буга чейин узак мөөнөттү 24 байкоочу иштеди. Кыска мөөнөттүү байкоочуларды каттоо уланууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG