Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Үгүт өнөктүгүнүн соңу: Ураандар, акыркы кадамдар


Президенттик шайлоого карата үгүт жүргүзүүгө аз гана убакыт калды. Үгүт өнөктүгү 22-июлда эртең мененки саат сегизде токтойт.

21-июлда президенттике талапкерлер үгүт өнөктүгүнүн акыркы күнүн өткөрүшөт. Мыйзам боюнча 22-июль, эртең мененки саат 8:00гө чейин үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилгени менен иш жүзүндө 21-июлда кечке жуук үгүт өнөктүгү аяктайт.

Бул күнгө карай “Ак жол” партиясынын талапкери Курманбек Бакиев региондорго чыгып, шайлоочулар менен жолугушууну токтотту.
Ал 21-июлда Бишкектин “Спартак” стадионунда орус эстрада жылдыздарынын катышуусу менен концертке катышып, үгүт өнөктүгүнүн акыркы аккорддорун жасайт.

Ал тууралуу Курманбек Бакиевдин шайлоо штабынын өкүлү Улан Дыйканбаев кабарлады:

- 21-июлда Курманбек Бакиев “Спартак” стадионунда боло турган үгүт гала концертине катышат. Программада ошол гана турат азыр.

Бириккен элдик кыймылдын талапкери Алмазбек Атамбаевдин үгүт өнөктүгүнүн акыркы күнү тууралуу анын шайлоо штабынын башчысы Бакыт Бешимов буларды маалымдады:

- Биздин акыркы жолугушуулар 21-июлда Чүй облусунда, Бишкек шаарында болот. 23-июлда Бишкектеги эски аянтта концерт болот.

“Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариев, Токтайым Үмөталиева, Жеңишбек Назаралиев үгүт өнөктүгүнүн акыркы күнүн Бишкекте жолугушуулар менен өткөрөт.

Талапкерлердин үгүт өнөктүгүндөгү ураандарына токтоло кетсек, Курманбек Бакиевдин шайлоо штабы эл ичиндеги “баары бир Бакиев жеңет” деген маанайды бекемдеш үчүн “Албетте, Бакиев!” деген ураанды көтөрүп чыкты.

Ал эми Бириккен элдик кыймыл АКШнын президенти Барак Обаманын шайлоо алдындагы ураанына жакын чакырыкты тандап, “Бириксек колдон келет!” деп чыкты. Атамбаевдин шайлоо штабынын башчысы Бакыт Бешимов ураан тууралуу буларды белгиледи:

- Бардыгыбыз бириксек Кыргызстанды жакшы этапка алып чыгабыз деген ой баарына жагып жатат. Ошону туура кабыл алып жатат. Ошон үчүн биринчиден, биригишибиз керек. Биригип жоопкерчилигибизди сезип, баарыбыз Кыргызстан үчүн кызмат кылсак мамлекет оңолот деген идея баарына жагып жатат.

Темир Сариев туруктуулук, принципиалдуулукту жарласа, Жеңишбек Назаралиев психолог катары шайлоочунун өз күчүн сезүүсүнө басым жасап, “Баары сенин колуңда” деп чыкты.

19-июндан бери уланып келаткан үгүт өнөктүгүнө жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар көз салып келатат. “Менин тандоомдун мезгили” бирикмеси үгүт өнөктүгүндө административдик ресурстун эпсиз пайдаланылганын билдирүүдө. Ал эми "Медиа өкүлчүлүк институту” УТРК, ЭлТР жана башка мамлекеттик маалымат каражаттарында Курманбек Бакиевге 80-90% ашуун убакыт берилип жатканын ачыктады. БШК муну Курманбек Бакиевдин шайлоо фондунда акчанын көптүгү менен байланыштырды. Ошол эле мезгилде Бакиевдин шайлоо фондуна 35 миллион сом кайдан түшкөнүн ачыктоо талаптары өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан коюулууда.

“Менин тандоомдун мезгили” президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча алгачкы маалымат жыйынын 24-июлда өткөрүүгө камданып жатканын Динара Ошурахунова маалымдады:

- Биздин жыйынтыктоочу маалымат жыйыныбыз шайлоодон кийин болот. Шайлоодон кийин 24-июлда, эртең мененки саат тогузда алгачкы маалымат жыйынын өткөрөбүз.

Бул уюм 23-июлда шайлоо күнү бир жарым миң шайлоо участогуна 3 миң байкоочу коюуга камданып жатат.











  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG