Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Шаар мэри кыйыр үгүт жасады деп сындалды


Укук коргоочу Өндүрүш Токтоназаровдун билдиргенине караганда кечээ Бишкек шаар мэри Нариман Түлеевдин атынан жер-жерлерге баракчалар таратылып, анда президент Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгына шайлоочуларды кыйыр үндөгөн. Мамлекеттик кызматкердин бул аракети мыйзамга каршы келет деп билдирди укук коргоочу. Шаар мэри өз кайрылуусунда “Жаңырган шаар” деген программасы президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен ишке ашкандыгын белгилеп, элдин социалдык абалы өз талаптарынын таасири астында жакшырып баратат деген айрым саясий күчтөрдү сынга алган. Түлеев кайрылуусунун башында шайлоочуларга ал тигил же бул талапкерге добуш бер деп үндөбөсүн эскерте кеткен. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG