Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:11

AFP: Шайлоого карай Бишкекке 5 миң аскер тартылды


Agence France-Presse – француз маалымат агенттиги кыргыз өкмөтү шайлоого карата борборго 5 миң аскер тартканын жазып чыкты. Макалада шайлоо жыйынтыгы кандай болоору мурдатан белгилүү, шайлоо президент Курманбек Бакиевди бийликте алып калуу үчүн өткөрүлүп жатат деп белгиленген. Мындан улам оппозиция шайлоо жыйынтыгы акыйкаттуу болбосо көчөгө чыгып нааразылык акцияларын баштаары ажеп эмес. Андыктан бийлик камылга ирээт Бишкекте коопсуздук чараларын күчөтүүдө, деп кабарлайт AFP. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG