Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:39

Чек арадагы чырдан 2 кыргыз жараны жабыркады


20-июлда Өзбекстандын Сох анклавындагы Хущяр айылынын 2 тургуну мас абалда Баткендин Чарбак айылындагы кыргыз чек арачыларына кол көтөрүү аркетин жасап, чыр чыккан. Анын натыйжасында 300дөй эл топтолуп, тополоң учурунда 2 кыргыз жаранына таш тийген. Абалды жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен күч кызматтары жолугушуп, жаатташкан тараптар менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Баш аламандыкты уюштурган 2 өзбек атуулу кармалып, келтирилегн чыгымдар өзбек бийлиги тарабынан калыбына келтирилген. Жабыркагандар орууканага жеткрилип, азыр абалы жакшы. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Баткен районунун акими Дастан Ходжаев билдирди. Акимдин айтымында, бул окуя боюнча 25-июлда эки тараптуу сүйлөшүүлөр кайрадан уланат. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG