Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Веб-сайтты ММКга теңештирүү маселеси козголууда


Кыргызстанда интернетти маалымат каражаттарына теңештирүү максаты жок. Мындай билдирүүнү Маданият жана маалымат министрлигинин Маалымат саясаты башкармалыгынын башчысы Мелис Айдаркулов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Адис интернетти маалымат каражаттарына теңештирүү жумушчу топко келип түшкөн көптөгөн сунуштардын бирөө гана, учурда Маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун атайын жумушчу топ иштеп жатат деп билдирди Айдаркулов. Ушул эле күнү “АКИпресс” агенттигине берген интервьюсунда Маалымат каражаттарын басуу, таркатуу ассоциациясынын башчысы Александр Миясаров министрлик долбоорду сунуштаганын, анын биринчи беренесинде интернет-сайттарды маалымат каражаттарына теңөө каралганын айткан. Айдаркулов болсо жумушчу топко долбоор эмес, сунуштардын гана топтому жиберилген деп “Азаттыкты” ишендирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG