Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

АКШ вице-президенти Украинага эмнеге келди?


АКШ вице-президенти Жозеф Байден Киевдин Борисполь аэропортундагы күтүп алуу салтанатында. 20-июль.
АКШ вице-президенти Жозеф Байден Киевдин Борисполь аэропортундагы күтүп алуу салтанатында. 20-июль.

АКШ вице-президенти Киевде сапарын баштады. Максат: АКШ-Россия алакасы жакшырса да, Вашингтон Украина жана Грузияны бекем колдой берерине эки өлкөнүн жетекчилигин ишендирүү.

Жозеф Байден сапарынын биринчи күнү Украин президенти Виктор Ющенко менен жолугушту. АКШ вице-президенти кечке жуук премьер-министр Юлия Тимошенко, москвачыл Региондор партиясынын төрагасы Виктор Янукович жана оппозиция лидери, экс-спикер Арсений Яценюк менен жолугушат. Бул төрт саясатчы тең январдагы президенттик шайлоого катышаары айтылууда.

Президент Виктор Ющенко(оңдо) АКШнын вице-президенти Жозеф Байден менен сүйлөшүүдө. Киев. 21-июль.

АКШ вице-президентин коштоп жүргөн “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Брайн Уитмордун билдиришинче, Киевдеги сүйлөшүүлөрдөгү негизги тема отун энергия коопсуздугу жана президенттик шайлоо болот:

-Cыягы, энергия, ошондой эле Украинада болчу президенттик шайлоо күн тартибиндеги башкы маселе болот. Украиналык масс-медиада Байден кайсы бир талапкерди колдойт деген чайкоочу сөздөр айтылды. Бирок, АКШлык ырасмий булактар андай кабарды жокко чыгарышты.

Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Тони Блинкен өткөн аптада билдиришинче, АКШ вице-президенти украиналык лидерлерди өз ара араздашууну унутуп, 2004-жылкы Саргымтыл ыңкылапта “берген убадаларын” аткарууга чакырат. Виктор Ющенкону президенттикке алып келген ынкылап учурунда Ющенко жана Тимошенко союздаш болушкан.

Украин саясатчыларынын тирешүүсү, финансылык башаламандык өлкөнүн инфраструктурасы эскирген энергетика секторундагы абалды оңдоого тоскоол болууда. Январда Москва-Киев арасында газ баасынан чыккан чатакта Россия Украинага газ берүүсүн токтотуп, Европаны көгүлтүр отун менен камсыздоо үзгүлтүккө учуруган. Бул Украинага болгон ишенимге доо келтирген. Россиянын газы Европага Украина аркылуу өтөт.

Президент Барак Обама - мурдакы президент Буш тушунда өтө осолдоп кеткен АКШ-Россия алкасын жаңы нукка салуу үчүн Москвага барган.

Ырасмий Киев Кошмо Штаттар менен Россиянын мамилесинин оңолсо, Украинанын НАТОго кошулуусуна жана Батышка интеграциялануусуна кедерги болот деп чочушат. Москва Украина жана Грузиянын НАТОго өтүүсүнө каршы.


Жозеф Байден Украин лидери Виктор Ющенко менен кездешүүдө Вашингтон-Москва мамилесин жакшыртуу аракети АКШ- Украина кызматташусуна зыян кылбасын айтып, Киевдин НАТО кошулуусун Вашингтон колдоорун кошумчалады.

Вице-президент Байден 22-23-июлда Тбилисиде болгон кезде да АКШ Грузиянын бекем сөздашы бойдон кала берерин жана өлкөнүн НАТОго кошулуусун колдойт деп күтүлүүдө.

Уитмордун айтышынча, Байден берегидей кооптонууну төгүнгө чыгаруу менен АКШнын жардамынын айрым шарттарын да ачыкка чыгарышы мүмкүн:

-Визиттин жалпы эки максаты бар. Бир жагынан, Россия менен мамилени түзөтүүдөн жана президент Обаманын Москвадагы сапарынан кийин вице-президент Украина менен Грузияга Кошмо Штаттар бекем союздаш экенине ишендирмекчи. Экинчи жактан, менин баамымда, вице-президент эки өлкөгө Американын союздашы болуунун тийиштүү жоопкерчилиги бар экенин ишаара кылмамакчы. Украинада энергетика тармагын реформалоо, Грузияда демократиялык реформаны дагы тереңдетүү шарт.

Жозеф Байден шейшемби күнү 1930-жылдары Украинада болгон ачарчылыкта өлгөн адамдарга арнап тургузулган эстеликке гүл чамбар коет. Ал шаршемби күнү Грузияга жүрүп кетет.

XS
SM
MD
LG