Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Көлдүктөр көлгө өтө албай нараазы


Ысык-Көл жээгине кире албай атканына нааразы Булан-Сөгөттү айылынын тургундары 21-июль күнү “Аврора” эс алуу жайынын жетекчилигине кайрылды. Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылынын эли көлгө “Аврора” эс алуу жайынын короосу аркылуу өтөт. Анткени президенттин иш башкармалыгы 2 жыл мурда айылдык пляжка жакын аймакты жеке менчикке сатууга уруксат бергендиктен, ишкерлер көлгө кирчү жолду да кошо курчап алган. Буга нааразы жергиликтүү тургундар “Аврора” эс алуу жайынын директорунун орун басары Качкынбек Эсеналиевге кайрылды. Орун басар бул маселеге жеке ишкерлер менен райондук бийлик жооп берүүгө тийиш экенин белгиледи. Жаштар менен демилгелүү топтун өкүлдөрү “Авроранын” кайтаруу кызматкерлери айылдыктарды тааныбастыкка салып киргизбей койгонун айтышканда, директор орун басары Эсеналиев ар бир жергиликтүү тургун паспортун көргөзүп өтө турганын түшүндүрдү. Мындай шартка макул болбогон жергиликтүү эл эс алуу жайдын эшигин тосуп тургандар айылдык жигиттерден коюлсун деген талаптарын койду. Учурда эки тарап сүйлөшүү жүргүзүп атат.(RB)

XS
SM
MD
LG