Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:26

Массалык спортту өнүктүрүү көз жаздымда калган


Мындай пикирин Дене тарбия, спорт, жаштар иши жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Александр Воинов бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, учурда негизги аракет профессионалдуу спортсмендерди даярдоого багытталган. “Олимпиаданын бир катышуучусунун 4 жылдык даярдыгына 30 миң доллар каражат керек. Мындай акчага массалык спортто көп нерсеге жетишсе болот,” - дейт ал. Александр Воинов жакынкы күндөрү өлкөнүн региондорун кыдырып, көпчүлүк өспүрүмдөр көңүл буруусуз калып, 14 жашынан эле жаман адаттарга кириптер болуп жатканына күбө болуп кайткандыгын билдирди. Ал мындан ары агенттик “Дени сак муун - өлкөнүн келечеги” программасына көнүл буруп, анын алкагында региондордо спортту өнүктүрүүгө басым жасаларын билдирди. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG