Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

Чолпон-Ата саммитинде эки маселе каралат


31-июлда Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин бейформал саммити болот. Ага ЖККУга кирген Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан президенттери катышат. Бул тууралуу Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин ЖККУ боюнча координатору “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Бейформал саммитте президенттер ЖККУ алкагындагы Маалыматтык саясатта коопсуздукту камсыздоо жана Ысык-Көлдө ЖККУнун туруктуу иштөөчү спорттук-саламаттык чыңдоочу базаны түзүү маселелерин талкуулашат. 1-августа президенттер мамлекеттик иштерге байланыштуу эмес, жекече иш-чараларга катышат. Белгилүү болгондой 1-августа Курманбек Бакиевдин туулган күнү. Ал 60 жашка чыгат. (AiT)











XS
SM
MD
LG