Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Түркмөн президенти операция жасап, мактанды


Түркмөнстандагы мамлекеттик маалымат каражаттар айтышканына караганда, президент Гурбангулы Бердымухаммедов өлкөдө онкологиялык оорукананын ачылышына катышты жана ал жердеги алгачкы операцияны өзү жасады. Ал оорулуунун кулагынын артындагы шишикти алып салды. Бердымухаммедов өзү кесиби боюнча тиш догдур. Ага немис жана жергиликтүү врачтар жардам берип турушуптур. Бердымухаммедов жакында медициналык китеп да жазганы бар. Аны азыр ар бир түркмөн догдурунда болушу шарт делген чөнтөк-китепче деп аташат. Өлкөнүн буга чейинки авторитардык президенти Сапармурат Ниязов да ушул өңдүү иштери менен белгилүү болгон эле. Ал, мисалы, «Рухнама» деген китеп жазган. Аны ар бир түркмөндүн «руханий күндөлүгү» катары шарттуу түрдө окутуп келишти.

XS
SM
MD
LG