Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Жарандык коом БШКнын чечимине нааразы


“Менин тандоомдун мезгили” жарандык коомдордун бирикмеси Борбордук шайлоо комиссиясы алардын президенттик шайлоо боюнча отчетун иликтөө үчүн Башкы прокуратурага кайрылышы туура эмес”,- деп эсептейт. Бул тууралуу “Менин тандоомдун мезгили” бирикмесинин мүчөсү, Интер билим уюмунун башчысы, Асия Сасыкбаева “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Жарандык уюмдар биримдигинин баамында БШК аталган бирикмени жаманатты кылып жалган маалымат таратып, мыйзамды бузуп жатат. “БШКнын мүчөлөрүнүн аракети Кылмыш Жаза кодексинин 329-беренесине ( кылмыш кылганы жөнүндө жалган маалымат жеткирүү, айыбын жаслама далилдерди түзүү аркылуу далилдөө) туш келет”,-деп билдирүү таратты.

Кечээ БШК “Жарандык коомдор союзу 15-июлда жарыялаган отчету боло элек шайлоого карата жыйынтык чыгарган документ болуп эсептелет жана Шайлоо кодексине каршы келет” деген чечим кабыл алып, бул фактыны териштирүү үчүн матераилдарды Башкы прокуратурага жөнөткөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG