Президентике талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабынын маалымдоосуна караганда, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы улуттук консерватория жана Хусейин Карасаев атындагы орто мектепте жайгашкан шайлоо участкаларына шайлочуларды унаалар менен ташуу жүрүп жатат. Социал-демокарттар ошондой Лев Толстой көчөсүндөгү “Ореми” заводунун имаратындагы шайлоо участогуна кызыл түстөгү кичи автобус добуш берүү үчүн мамлекеттик жана бюджеттик кызматкерлерди ташып жатканын кабарлады. Мындай окуялар Нарын облусунун Ат-Башы районунда да катталды.(AiT)