Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Тогуз коргоолдон Кыргызстан биринчи орун алды


Кыргызстандык Нурия Султанмуратова Чехияда өткөн Дүйнөлүк интеллектуалдык олимпиадада тогуз коргоол оюну боюнча биринчи орунду алды. Дене тарбия, спорт, жаштар иши жана балдарды коргоо комитетинен кабарлашкандай, эркектер арасында күмүш медаль кыргызстандык Камчыбек Касымовго тийди. Оюн жыйынтыгында командалык эсеп менен Кыргызстан биринчи орунду жеңип алды. Казакстан экинчи, ал эми Чехияга үчүнчү орунду ээледи. Олимпиадага жалпысынан ондон ашык мамлекет катышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG