Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

КСДП коркутуулар тууралуу маалымат таратты


Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабы азыркы саатка карай 113 мыйзам бузууну каттап, эрте менентен бери 105 461 шайлоочу добуш берүүгө келгенин маалымдады. Штабдын маалыматы боюнча, Ош облусундагы Кашкар-Кыштак шайлоо участогунда КСДПнын активисти Маматраимов Кахар добуштарды бурмалоого жол бербөөгө аракет жасаганда ур-соккуга алынган. Милиция уруп-согууга тоскоолдук кылган эмес. Аксы районундагы Авлетим участогунда оппозиция тараптан коюлган байкоочу Назгүл Шералиева массалык бюллетен таштоого тоскоолдук жасаганда аны күч менен сыртка чыгарып ташташкан. Байкоочулар Токмок шаарында 15 бюллетенди бир убакта салуу фактысын аныктап, протокол түзүшкөн. БШК бул кабарлар тууралуу тастыкталган маалымат жок экенин билдирүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG