Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Баткенде алгачкы мыйзам бузуулар катталды


Мындай маалыматты президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Кадамжай, Кызыл-Кыя аймагы боюнча өкүлү Анвар Билалов саат 9.30да «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Кадамжай районунун №160 Марказ шайлоо участкасында 5-6дан шайлоо бюллетенин урнага таштаган учур катталып, акт түзүлүп, тиешелүү кызматтарга берилген.

Облустук шайлоо комиссиясы болсо бул убакытка карай эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун, эч ким арыз менен кайрылбаганын айтышты.

Баткен облусу боюнча 191 шайлоо участогу ачылып, саат тогузга карай 221 384 шайлоочунун 7,58 пайызы добуш берген. Ал эми 1200дөй шайлоочу алдын ала добуш берген.(JsA)

XS
SM
MD
LG