Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58

Балыкчыда Атамбаевдин тарапкерлери таркатылды


Алмазбек Атамбаевдин Ысык-Көл облусу боюнча ишенимдүү өкүлү Турдалы Көлбаевдин “Азаттыка” билдирүүсүнө караганда, саат экилер чамасында миңдей киши таза шайлоону өткөрүү талабы менен Балыкчы шаардык мэриясынын айланасына чогула баштаган. Эл чогула баштаганда эле милициянын атайын бөлүктөрү дүрмөтү жок гранаталарды жардырышып, чогулгандарды кууп тараткан. Жогорку Кеңештин депутаты Мирбек Асанакунов башында турган бир нече кишини кармап кетишкен. Азыркы мезгилде милиция кармалгандар тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG