Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

Талас: Атамбаевдин байкоочулары шайлоодон чыкты


Оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин Таластагы байкоочуларынан баары добуш берүү жараянына байкоо салуудан расмий түрдө баш тартышты. Бул тууралуу Бириккен элдик кыймылдын Таластагы штабынын маалымат катчысы Асыл Мамырова “Азаттыкка” билдирди. А. Мамырова аймактагы баардык шайлоо чөлкөмдөрдо одоно мыйзам бузуулар орун алганын, тартип коргоо органдарынын оппозициялык байкоочуларга күч колдонгон фактылары катталганын айтты. Мындан бир аз мурдарак А. Атамбаев менен дагы бир талапкер Жеңишбек Назаралиев шайлоону легитимсиз деп аташкан. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский шайлоо аяктай электе мындай билдирүүлөр негизсиз экенин билдирген. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG