Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

“Биримдик» жаштар кыймылы Атамбаевди колдоп чыкты


Жаш талапкерлер билдирүү таркатып, Алмазбек Атамбаев жана Жеңишбек Назаралиевдин шайлоого катышуудан баш тартуусун колдоорун билдиришти. “Биримдик” уюму Президенттик шайлоо күнү жарыялангандан бери талапкерлер ортосунда тең укуктуулук сакталбаганын, административдик ресурстар бир гана Президентикке талапкер Курманбек Бакиевдин талапкерлигине иштегендигин, мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан жарандарды коркутууларга күбө болгонун жазган. Борбордук шайлоо комиссиясы өз кезегинде Атамбаев жана Назаралиевдин шайлоого катышуудан баш тартуусу мыйзамсыз экенин билдирип, талапкерлер добуш берүүгө үч күн калганга чейин талапкерлигин алып коюуга укугу бар экенин белгиледи. БШКнын мүчөсү Алексей Елисеевдин айтымында, Назаралиев жана Атамбаевдин шайлоочулары аларга добушун бере алышат.(AiT)

XS
SM
MD
LG