Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

А.Абдрасулова пикетке чыкты


"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова менен кошо Акыйкатчынын имаратынын алдына "Келкел" жаштар кыймылынын 4 мүчөсү чыгышты. Алар муну менен Акыйкатчынын жаш саясатчылардын арызын мыйзам чегинде иликтөөсүн жана алар боюнча маалымат каражаттарына берген пикиринен баш тартуусун талап кылып жатат. Абдрасулованын "Азаттыкка" билдирүүсү боюнча, буга Акыйкатчы Турсунбек Акундун "Келкел" жаштар кыймылынын мүчөлөрүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери куугунтукка алган жок, алар чет өлкөгө качып кетүү үчүн гана ушундай билдирүүлөрдү жасап жатат деп берген интервьюсу түрткү берди. Ал эми Турсунбек Акун "Азаттыкка" "Келкел" жаштар кыймылынын 15 мүчөсүнүн атынан берилген арызды өндүрүшкө алып, бүгүн иликтөөгө киришкендигин билдирди. Анын айтымында, жаштарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери куугунтукка алганы чын болсо алардын укугун мыйзам чегинде коргойт. Жаштардын "Келкел" кыймылынын 5 мүчөсү кечээ Акыйкатчы менен Башкы прокурорго арыз жолдоп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери коркутуп-үркүтүп, куугунтуктоолорду жасап жаткандыгын билдирип, аларга карата чара көрүүнү талап кылышкан.(BD)

XS
SM
MD
LG