Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:59

Чүйдө мыйзам бузууларды тизмелеп бүтө албай коюшту


Чүйдө добуш берүүнүн активдүүлүгү төмөн болду. Одоно мыйзам бузууларга нааразы адамдар Бишкекти көздөй жөнөп жатышат.

Алмазбек Атамбаевдин Чүйдөгү штабынын координатору Турат Мадылбековду Каржы полициясы болбогон жалаа менен бүгүн эртеден бери кармап алып кое бербей жатканы туурасында Социал-демократтар партиясынан кабарлашты. Партия муну Чүй областында шайлоолордун айкын өтүшүнө бийликтин тоскоолдугу катары сыпаттап жатат.

Аймактагы шайлоо участкаларында мыйзам бузуулар эртең менен эле башталганы туурасында Токмок шаарынын тургуну Кеңешбек Маямеров “Азаттыкка” төмөндөгүдөй кабарлады.

- Эртең менен №7056 шайлоо учаскасына баргам. Добуш бергени жатсам, бир байбиче бейкапар эки бюллетенди көтөрүп салганы бара жатат. Көрсө, ал почтада иштейт экен. Мен болсо колунан бюллетенди алып, ошол замат байкоочулардын көз алдында акт түзүп, райондук шайлоо комиссиясына барып өткөрдүм. Кечке мыйзам бузууларды кармап, акт түзүүгө жетишпей жатабыз. Ачыктан ачык баары болуп атат.

Мындай көрүнүш Жайыл, Сокулук, Кемин жана Москва районундагы бир нече шайлоо участкаларында болуп, ага карата толук далилдер райондук шайлоо комиссияларына берилген. Айыл өкмөт башчылары кичи автобустар менен элди айлампа түрүндө улам бир шайлоо участкасына алып барып, кошумча тизме менен башаламан добуш бердирип жатканына нааразы болгондор “Азаттыкка” бир нече ирээт коңгуроо кылышты.

Ал эми биз, айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн шайлоо участкаларды кыдырып, байкоочуларга жана комиссия мүчөлөрүнө үстөмдүк кылып жатканына күбө болдук. Алардын бири Чүй район акиминин орун басары Темирбек Сокеев менен болгон маегибиз төмөндөгүдөй болду:

- Жергиликтүү бийлик эмне себептен эркин кирип чыгып жүрөт?

- (Шашып, паспортун көрсөтүп) мен ушул участкадан шайлайм. Биз шайлоо учаскаларын кыдырууга акыбыз бар.

- Акимдин буйругу менен элди ташып атат дешүүдө?

- Болбогон кеп. Мүмкүн оппозиция ташып аткандыр. Биз эч нерсе кылган жокпуз.

Добуш берүүнүн аягына жетпей Алмазбек Атамбаевдин Чүйдөгү байкоочуларынын баары добуш берүү жараянына байкоо салуудан расмий түрдө баш тартышты. Учурда Чүйдүн райондорунан эл борбор калааны көздөй жөнөп жатышканы айтылууда.
XS
SM
MD
LG