Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Баш прокуратура: СДП депутаттары камалган жок


Баш прокуратуранын маалымат кызматы Балыкчы шаарындагы тополоңдон кийин Жогорку Кенештин Социал-демократтар партиясынын депутаттары Кубанычбек Кадыров менен Мирбек Асанкунов кармалып камакка алынбаганын билдирди. “Депутаттын макамы тууралуу” мыйзамга ылайык, парламент өкүлүнө кылмыш ишин Баш прокуратура гана козгой алаарын баса белгиледи. СДП фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов мыйзамга ылайык, депутаттардын кол тийбестиги бар экенин айтып, баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевден камакка алынган депутаттары бошотуу боюнча тезинен чара көрүүнү талап кылган. Бүгүн Балыкчыда шайлоо участкасын басып алууга аракет кылды, деген айып менен эки депутат баш болгон ондон ашык адам камаака алынганын Ички иштер министрлиги тастыктаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG