Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59

АКШ Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин тааныбайт


Бүгүн Грузияда президент Михаил Саакашвили менен жолугушуусу учурунда АКШнын вице-президенти Жо Байден ушинтип билдирди. Орусия аталган эки республиканын эгемендигин былтыркы орус-грузин согушунан кийин тааныган. Жозев Байден бүгүн грузин парламентинде да сүйлөдү. Өз сөзүндө Байден «Грузиянын НАТОго мүчө болуу максатын Кошмо Штаттары толугу менен колдойт» деп айтты.

Ал аралыкта Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Григори Карасин «Орусия Грузиянын куралданышынын алдын ала турган чараларды көрөт» деп билдирди. Анын айтымында, былтыркы орус-грузин согушунун бир жылдыгында Грузия тараптан провокациялык аракеттер болушу мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG