Өлкөдө бул вирус үч жаш баладан табылганы бүгүн ырасталды. Ошентип, Борбор Азия регионунда алгачкы ирет бул илдет катталып жатат. «Интерфакс» маалымат агенттиги кабарлагандай, ал балдар Британиядан келишкенден кийин ооруп калышкан. Чочко тумоосунан Британия өтө катуу жабыркаган эле. Ушул күнгө карата дүйнө боюнча бул тумоодон 700 адам көз жумган.