Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Оппозициянын оюнда эмне бар?


А.Атамбаев менен Ж.Назаралиев шайлоону массалык мыйзам бузуу менен өттү деп жар салып, каршылык акцияларына чыгууга камынып жатат.

Президенттик шайлоодон чыккан жаңжал окуяны "Азаттыктын" түз ободогу маегинде Алмаз Атамбаевдин штаб жетекчиси, ЖК депутаты Бакыт Бешимов менен "Ак Жол" партиясынын төрагасынын биринчи орун басары, ЖК депутаты Табылды Орозалиев талкуулашты.


"Азаттык"-
Бакыт мырза, шайлоо күнү Алмаз Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиевдин шайлоону мыйзамсыз деп таануу чечимин кабыл алууга эмне себеп болду?

Б.Бешимов:-
Шайлоо легитимсиз, мыйзамга туура келбеген шайлоо деген баа берилип, ушундай жыйынтык кабыл алынды жана расмий билдирүү таратылды. Ага шайлоо процесси башталгандан тарта эле байкалган мыйзам бузуулар түрткү берди. Шайлоо өнөктүгүнүн биринчи баскычы теңсиздикте, мыйзамды тебелөө менен өттү деп биздин көп тилектештерибиз, укук коргоочулар жана мамлекетке көз карандысыз байкоочулар баа беришти.

Анын негизинде биз шайлоого эки күн калганда атайын маалымат жыйынын өткөрүп,көз карашыбызды билдиргенбиз. Шайлоого эки күн калганда мен талапкер Алмаз Атамбаевдин шайлоо штабынын жетекчиси жана Социал-демократтар фракциясынын лидери катары БШКнын төрагасы Дамир Лисовский менен атайы жолугуп, мыйзам бузуулар боюнча расмий түрдө кат берип, ага жооп берүүнү талап кылгам.

Андан тышкары шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар жана адам укуктарын басмырланышы туурасында эки күндө бир жолу каттарды жөнөтүп турдум. Бирок ага канааттандырарлык жооп алган жокмун. Ошондуктан, азыр БШКнын мүчөсүнүн бизге арыз түшкөн жок деп айтып жаткандыгын көрүп туруп, көңүл калган кыйын абалда калып жатабыз. Булардын көрүп турган нерсени тааныбагандыгы кандай? Бул адамдар менен кандай мамиле түзүүгө мүмкүн? Цивилизация, адамгерчилик, маданият, уят деген баалуулуктар бар да!

“Азаттык”- Демек, башкы себеп мыйзам бузууларбы?

Б.Бешимов: -Бүгүнкү шайлоо күнү саат сегизден баштап эле көпчүлүк шайлоо участкаларында мониторинг жүргүздүк. Аны биздин активисттер, байкоочулар жүргүзүштү. Алар саат түшкү он экиге келгенде саат сайын гана эмес минут сайын мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу маалымат бере башташты.

Мисалы, Аламүдүн районундагы бир айылда добуш берүүнү эртең мененки саат сегизде эмес алты жарымда башташкан. Эмне үчүн минтип баштадыңар деп сурашса, шайлоо комиссиянын мүчөлөрү “ушинтип сүйлөшкөнбүз” деп жооп беришкен. Ошол учурда үкөктө 300 бюллетень эбак жаткан экен. Токмокто да колунда 200 бюллетень жүргөн бир адамды кармадык. Ал айласы кеткенде жарымысын силерге берейин деп соодалашканга өттү.

Андан бюллетень кайда түштү деп сурасак билишпейт. Демек, бюллетендердин нускасы эки эселеп басылган жана аларды таратышкан. Башка жакты айтпай эле коелу, Бишкектеги дагы бир мисал. Бюджеттик мекемелерде иштеген адамдарды атайын унаалар менен ташышты. Ошол жерде иштеген адамдар өздөрү муну айтып жатышты. Ушундай мыйзам бузуулар абдан көбөйүп кеткенде биз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ушунчалык ыплас, уятсыз шайлоо болду деген жыйынтыкка келдик. Анан өзүбүздүн талапкерге ушундай ыплас оюнга катышуунун эмне кереги бар деп кайрылдык.

Албетте, буга чейин биз бийлик кандай болбосун мыйзам бузууларга барат, аны буга чейин да жасап келген, бирок ага чыдайлы, акырындап жакшы жагына бурулаар деп үмүттөнгөнбүз. Бирок, иш жүзүнө келгенде уят-сыйытты четке кагып салып, каалаган ишти жасап жатышты. Мына дагы бир мисал, эки депутатты камап салышты. Мен өзүм кийлигишип, каерде деп сурасам, прокуратурада деп жооп беришти. Прокуратурага телефон чалсак, алар бизде эмес ички иштер бөлүмүндө камалып жатат деп айтышты. Азыр болсо ички иштер бөлүмү менен прокуратурада камалган эмес, алар менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат деп расмий түрдө прокуратура билдирүү жасап жатат.

Демек, алар каякта? Көрдүңүздөрбү, биз азыркы учурда ушундай адамгерчиликти түшүнбөгөн, уятсыз бийлик менен мамиле жасап калып жатабыз. Ошондуктан биз эгер мындай ыплас оюнга катышсак, биздин байкоочуларыбыз кечки саат сегизге чейин олтурушса бийликтин ыплас оюнунун бир бөлүгү болуп калат деп ойлодук да Атамбаевге шайлоону легитимсиз деп саясий түрдө жарыялаңыз деп сурандык. Бул чечимге Жеңишбек Назаралиев да кошулду. Анткени, анын штабы да өз анализинин негизинде ушундай тыянакка келди. Мыйзам бузуулар массалык түрдө өтө көп болгондуктан алар дагы чыдабай кетишти. Биздин ушундай жыйынтыкка келгенибиздин башкы себеби мына ушул.

“Азаттык:”-Табылды мырза, эки талапкер кабыл алган чечимди мыйзам чегинде кандай баалайбыз? Шайлоону легитимсиз деп баалоого негиз барбы?

Т.Орозалиев:-
Жок, булардын чечими мыйзамга таптакыр карама-каршы. Анткени, шайлоону легитимдүү же легитимсиз деп Конституциялык Сот гана чечим кабыл ала алат.Бул сот да аны жөн жерден эле чече албайт. Райондордон, облустардан, шайлоо участкаларынан келген протоколдордун жана БШКнын протоколунун негизинде гана чече алат.

Бул бир гана Конституциялык Соттун укугу. Анан талапкердин бири эле легитимсиз, тигиндей-мындай дегени саясий маданиятка төп келбей турган иш. Экинчиден, кээ бир оппозициячыл талапкерлер ушундай кадамга барышаарын биз күткөнбүз. Анткени шайлоо жаңыдан башталганда эле булар шайлоо ыплас өтөт, мыйзам бузуулар болот деген ураандар менен чыгышкан.

Андан тышкары булар колдоно турган ар кандай варианттары да бар болчу. Биз аны деле билчүбүз. Азыр ойнолуп жаткан оюн ошондой сценарийлердин бирөө гана. Мындан да бөлөк иштер болушу мүмкүн эле. Андан тышкары көп жерлерде чагымдар болду.

“Азаттык”: - Оппозиция тараптан болдубу?

Т.Орозалиев: - Оппозиция тараптан, албетте бардыгы эмес, кээ бир өкүлдөрү тарабынан жасалды. Мисалы үчүн, Бишкектин Октябрь районундагы Камская көчөсүндөгү №6 имаратта жайгашкан №1107 участкасында “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү шайлоочуларды паспорту жок эле шыгыратып киргизип жатат, бюллетендерди жөн эле жерден берип жатат деп акт түзүшүптүр. Барып текшергенде ал жерден аны далилдеген факт табылган жок.

Тескерисинче, акт түзгөн адамдар партиянын,комиссиянын мүчөлөрү же байкоочулар эмес экен. Ошондуктан ал жерден өзүлөрүн чыгарууга туура келди. Андан башка дагы бир факт. Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү № 42 орто мектепте жайгашкан №1014 шайлоо участкасында “Ак жолчулар” шайлоону өткөрүүгө шайлоо комиссиясына тоскоолдук кылып жатат деп арыз жазышкан.

Ал жерге барып текшергенде шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эч ким тоскоол болгон жок деп айтышты. Ушундай фактылар атайын максат менен айтылды. Жаман иштер тууралуу маалыматты канчалык көп топтоп таратсак ошончолук таасир берет деген ой менен айтып жатышат. Бул каралоо деп аталат да, аны элдин баары билет.

“Азаттык”: - Бакыт мырза, мына Табылды мырза айтып жаткандай, Алмаз Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиевдин шайлоону тааныбашын башка талапкерлер жана саясатчылар баланын оюну катары баалап жатышат. Алардын бири Феликс Кулов бул чечимди жеңил оюн деп Улуттук телеканал аркылуу билдирди. Анан добуш берүүнүн жыйынтыгы чыга электе аны мыйзамсыз деп атоонун өзүн мыйзамсыз деп да айтып жатышат. Аны оппозициячыл БЭК кыймылы мурдатан пландап даярдаган да пикирлер айтылып жатат. Ага негиз барбы же чынында эле бүгүнкү мыйзам бузуулар түрткү бердиби?

Б.Бешимов: - Феликс Куловдун оюн айтпай эле коелучу, анын ким экендигин элдин баары билет го! Эгер бул логикага таянсак, оппозиция өзүн-өзү түрмөгө камаганга, участкаларда тергөөчүлөр, милицияларды коркутуп, үркүтүүгө өздөрүн даярдап жаткан экен да! Анан текшердик деп жатышат. Ким текшерип жатыптыр?

Бул жерде Конституциялык Сот тууралуу сөз айтылгандан кийин мен бир нерсени айта кетейин. Мен Конституциялык Сотко расмий түрдө кайрылып, президент өзү баш болуп Конституцияны одоно түрдө бузуп жатат деп арыз жаздым. Сот президент партияда мүчөлүгүн жаңы шайлоо жаряланганга чейин токтотушу керек деген чечим чыгарды. А президент болсо партиянын төрагасы болуп курултайларында шайланып жатты.

Аны Табылды Орозалиев жакшы билет. Президент өзү өткөн число, тактап айтканда, 2007-жылдын 15-октябрын көрсөтүп, мени партиядагы мүчөлүгүмдү токтотуп койгула деп кийин жазган арызында эки чоң ката турат. Анын биринчиси- Конституцияда жок пунктту көрсөтүп жазган. Экинчиси- өзүнүн күчүн жоготкон мыйзамга негиздеп жазган. Ага карабастан курултайларына катышып, “Ак жолдун” идеологиясын алдыга жылдырып жатат.

Көрдүңүзбү, мыйзам ушундай жолдор менен жогортон бузулуп жатат. Оппозиция эптеп эле бөйрөктөн шыйрак чыгарып, кандайдыр бир кутум иштерди жасап, Кыргызстандын элине душмандык кылгысы келип жатабы? Биздин каалаганыбыз эле бир нерсе. Ал теңдик, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жана тең салмактуулук болсун деп каалап жатабыз.

“Азаттык”: - Эми кыска бир суроого жооп берсеңиздер, кырдаал курчуп кетиши мүмкүнбү? Бийлик менен оппозициянын ортосундагы тирештин аягы эмне менен аякташы мүмкүн?

Б.Бешимов: - Шайлоо легитимсиз. Кандай шайлоо болбосун,кантип шайланбасын мындан ары президенттин күчү жок, анын башкаруусу шектүү болот.

Т.Орозалиев:- Мен эң алды президент тууралуу айтылган сөзгө жооп бергим келип турат. Конституциялык Соттун президенттин партиялык ишмердиги тууралуу чечими бар жана ал толук түрдө мыйзамдуу. Ал эми партиянын курултайы 1-майда болгон. Бул күн майрам болгондон кийин президент катышууга укуктуу.
Ал эми абал боюнча суроого жообум: абалды курчуткан адамдар толугу менен жооп берет.

“Азаттык”- Маегиңиздер үчүн чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG