Ооганстандагы согушта эл аралык коалиция күчтөрүнүн жоготуулары көбөйүшү ыктымал. Бирок АКШ жана анын ынтымакташтарынын аракеттери майнапсыз болбойт. Бул тууралуу Би-Би-Си үналгысына курган маегинде АКШнын вице-президенти Жо Байден билдирди. Анын айтымында, Батыш үчүн мурдагыдай эле ооган-пакистан чек арасы коркунуч туудурат. Өз сөзүндө Жо Байден Ооганстанда 20-августка белгиленген президенттик шайлоону өткөрүү үчүн коопсуздукту чыңдоо зарыл экендигин белгиледи.