Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:46

Вашингтон мындан ары да Грузияны колдой берет


АКШнын вице-президенти Жо Байден Грузиянын президенти Михаил Саакашвили менен жолугушууда Вашингтон мындан ары да Грузияны колдой берерин билдирди. 23-июлда грузин парламентинде сөз сүйлөгөн Жо Байден “Грузиянын НАТОго мүчө болуу максатын Кошмо Штаттары толугу менен колдойт” деп айтты. Мындан сырткары вице-президент Байден АКШ Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин тааныбай турганын ырастады. Орусия аталган эки республиканын эгемендигин былтыркы орус-грузин согушунан кийин тааныган. Бул күнү Жо Байден грузин оппозициясынын өкүлдөрү менен да жолугушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG