Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:56

К. Бакиевге берилген добуш 86,28%


Мамлекеттик “Шайлоо” системасынын акыркы маалыматы боюнча 1499 шайлоо участогунда 23-июлда болуп өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталды. Ага ылайык К. Бакиев 86,28% добушка ээ болгон. Бул төрт саат мурдагы көрсөткүчтөн 2,76% аз. Бириккен оппозициянын талапкери Алмазбек Атамбаев 7,4%, “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев 2,35%, доктор Жеңишбек Назаралиев 0,48%, Токтайым Үмөталиева 0,38%, ал эми “Жоомарт” патриоттук кыймылынын жетекчиси Нурлан Мотуев 0,3% добушка ээ болушкан. Бардык талапкерлерге каршы 1, 92% добуш берилген.
23-июлда болуп өткөн президенттик шайлоону эки талапкер: Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев легитимсиз деп таанып, добуш берүү күнүнүн экинчи жарымында шайлоого катышуудан баш тартышкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG