Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

“Мен ишенбейм” шайлоо боюнча сотко кайрылат


Жаштардын “Мен ишенбейм” кыймылы президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды, деп билдирди. Аталган кыймылдын өкүлү Наргиза Абдылдаеванын айтымында, “Мен ишенбеймдин” өкүлдөрү Бишкектеги ар бир экинчи шайлоо участкасында байкоо салышкан. Анын жүрүшүндө, буга чейин колдонулбаган бурмалоолорду байкашкан. Баардык мыйзам бузуулар боюнча акт түзүлүп, сотко кайрылганы жатышат. КМШ жана ШКУнун байкоочулары шайлоо ачык-айкын өткөнүн билдиришти. ЕККУнун байкоочулары шайлоо аталган уюмдун негизги стандарттарына ылайык өткөрүлбөгөнүн жарыялады. (EBM)

XS
SM
MD
LG