Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

АКШ Мамкатчысынын айбаты


Барак Обама президентке талапкер катары, Буштун администрациясын Иран жана Түндүк Корея менен эч кандай шарты жок түз сүйлөшпөйт деп сындаган.

Мурдакы президент Буш тушунда (2000-2008) Ак Үй бул эки өлкөдөн сүйлөшүүдөн мурда ядролук программаларынан баш тартууну талап кылган. Обама бийликке келгенден берки жарым жылда анын кеңсеси Тегеран жана Пхеньян менен сыпаа сүйлөшкөнгө аракет кылып келет.

Мамкатчы Хиллари Клинтон АСЕАНдын Тышкы иштер министрлеринин жана АСЕАН регионалдык форумунун Тайланддын түштүгүндөгү Пхукет аралындагы саммитиндеги пресс-конференцияда. 22-июль.
АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон шаршемби күнү Кошмо Штаттар Тегерандын капылет чабуулунун коргонуу үчүн, Ирандын коңшуларына “коргонуу колчатырын”(“defence umbrella”) орнотуп берүүгө даяр деп билдирди:

- Иран ядролук куралдарды жасоодон анын регионалдык жана глобалдык коопсуздугу жакшырбасын же кубатуу болуу максатына жетпесин түшүнүшү зарурарт.

Клинтон Түштүк Азия өлкөлөр ассосиациясы - АСЕАНдын Тайланддагы жыйынында Түндүк Кореяга да катуу эскертүү жасады:

- Биз санкцияны киргизсек да Түндүк Кореяга менен сүйлөшүүгө ачыкпыз. Бирок биз жарым-жартылай чарага кызыкпайбыз. Бизде Түндүк Корея сүйлөшүүгө кайра кошулганы үчүн эле сыйлайлы деген ниетибиз жок. Алар мурда макул болгон иштер үчүн биз эч нерсе бербейбиз. Бизде создугуп кеткен сүйлөшүүлөрдү бүткөрүүгө көңүлүбүз жок. Ал бизди кайра мурдакы жерибизге алып барат.

АКШ жетекчилигинин катуу сөздөрү байкоочулардын айтышынча, Ак Үйдүн согуштан көрө сүйлөшүүнү оң көргөнүн күбөлөйт. Бирок Вашингтондогу Брукингс борборунун ядролук коопсуздук боюнча эксперти Жеймс Гудбайдын айтышынча, Клинтондун сөзү Обаманын командасы Буштун администрациясынын жолуна түшкөнүн билдирбейт. Себеби, Буш 2002-жылдын башында Ирак, Иран жана Түндүк Кореяны “балакеттин уюгу” деп атагандан бери көп нерселер өзгөрдү. Иракта Саддамдын режими кулатылып, өлкө АКШлык күчтөрдүн көзөмөлүндө. Иран июндагы президенттик шайлоодон кийинки кризистен толук чыга элек. Түндүк Кореянын көсөмү Ким Чен Ир айыккыс ооруусуна байланыштуу кенже уулун мураскер кылып тандаган. Бул кабар чын болсо, Пхеньян ядролук программасы боюнча олуттуу сүйлөшүүгө даяр эмес.

Бул жагдайда Мамкатчы Клинтон АСЕАНдын саммитинде Түндүк Кореянын ядролук программасы боюнча алты жактуу сүйлөшүүгө катышкан Кытай, Япония, Россия жана Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлери менен кездешип туура кылды, дейт Гудбай:

- Мамкатчы беш тараптуу сүйлөшүүнү Түндүк Чыгыш Азиядагы коопсуздукту жана кызматташууну талкуулоочу форумга айлантуу үчүн ырасмий кадамдарды жасашы абзел деп ойлом. Андай форумга беш жактуу сүйлөшүү негиз болушу мүмкүн.

Гудбайдын оюнча, АКШ менен Иран ортосунда түз байланыш жок кезде, маасалык кыргын салчу куралдардын проблемасын талкуулоо үчүн Перс булуңундагы жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен да регионалдык форум уюштурганы туура болмок. Бирок вашингтондук эксперт Иран ядролук куралга жетпей жатып, ага коңшу өлкөлөргө Клинтон айымдын “коргонуу колчатырын” түзүү сунушун жаңылыштык деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG