Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Молдовага шайлоо алдынан европалык делегация келди


Польшанын Тышкы иштер министри Радослав Сикорскинин жетекчилигиндеги делегация өлкөнүн президенти Владимир Воронин менен да, оппозициянын лидерлери менен да жолугушмакчы. Польшанын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылгандарга караганда, Сикорскинин сапары «Молдовадагы шайлоонун алдынан постсоветтик бул мамлекетте Европага ык алган демократиялык маанайды колдоого багытталат». 5-апрелдеги парламенттик шайлоодо бийликтеги коммунисттик партия жеңгенден кийин, өлкөдө массалык демонстрациялар башталган. Парламент өлкө башчысын шайлай албай койгондон кийин, президент Воронин аны таркатып, жаңы парламенттик шайлоону 29-июлга белгилеген болчу.

XS
SM
MD
LG