Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Укук коргоочуларды милиция кармап кетти


Иран элчилигинин алдында нааразылык акция өткөрүү үчүн кетип бараткан укук коргоочулар баштаган он чакты адамды милиция кызматкерлери кармап кетишти. Алардын арасында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова жана “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмдун жетекчиси Төлөкөн Исмаилова да бар. Т. Исмаилованын “Азаттыкка” билдиришинче, азыр алар Биринчи май райондук ички иштер бөлумүндө турушат. Укук коргоочуларга мамлекеттик кортеж өтүп баратканда плакаттарын жайгандыгы үчүн эки берене менен кылмыш иши козголду. Учук коргоочулар бүгүн Бишкектеги Горький атындагы гүлбакчада Иран жарандарына колдоо көрсөтүп акция уюштурушкан. Андан кийин Иран элчилигине жөнөшкөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG