Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Оппозиция митингдерге даярданып жатат


Оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин штабы шайлоо жыйынтыгына нааразыланып, каршылык акцияларды өткөрүүгө даярданууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов билдирди. Анын айтымында, А. Атамбаев добуштардын 60 пайызга жакынын алды. Бирок шайлоо жыйынтыгы одоно бурмаланды. Ошондуктан шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын баса белгиледи. КМШ жана ШКУ байкоочулары Кыргызстандагы президенттик шайлоо тынч жана акыйкат өттү деген баасын берген. ЕККУнун байкоочулар миссииясы шайлоо аталган уюмдун негизги станддарттарына шайкеш келбей турганын айткан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG