Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59

29-июлдан тарта митинг, жөө жүрүштөр башталат


Бул тууралуу “Азаттыкка” оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев билдирди. Өздөрүнүн эсеби боюнча добуштардын алтымыштан ашык пайызын алганын, Курманбек Бакиевге 25 пайыздай шайлоочу добуш бергенин айтты. Учурда элдер добуштарды коргоп алабыз деп суранып кайрылып жатат, ошондуктан кийинки жумада өлкө боюнча тынч митингдер, жөө жүрүштөр башталат, дейт А. Атамбаев. Борбордук шайлоо комиссиясы жер-жерлердеги добуштардын дээрлик баардыгын топтоп, К. Бакиев добуштардын 82,22 пайызын алганын маалымдады. А. Атамбаевге 7,98 пайыз шайлоочулар добуш берди. Андан кийинки орунда Темир Сариев турат. Ал добуштардын 3 пайыздан ашыгын алды. Калган талапкелердин ар бирине бир пайызга жетпеген добуш тийди. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG