Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Пакистанда 14 согушкер жок кылынды


Пакистан армиясы билдиргендей, акыркы 24 сааттагы салгылаштарда 10 согушкер Бунер ооданындагы издөө операциясында атып өлтүрүлдү. Калган төртөө коңшулаш Сват өрөөнүндөгү эки бөлөк кагылышта окко учту. Бул өрөөндө армия террористтердин машыгуу лагерин жок кылып, үнкүрдөн көп санда курал, ок-дарыны колго түшүрдү. Пакистан армиясы эки жарым айдан мурда Сватта жана ага коңшу 3 дубанда талипдерге каршы согуш баштаган.

XS
SM
MD
LG