Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

БЭК бүтүндөй өлкө боюнча митингдерге даярданууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, 29-июлда өлкөнүн бардык аймактарында тынч жана куралсыз митингдер башталмакчы. Буга байланыштуу ушул тапта БЭКтин лидерлери уюштуруу иштерин талкуулашууда. Азырынча митинг-пикеттердин толук планын айтууга эртелик кыларын айткан саясатчы, кыймылдын лидерлерине карата басым-кысымдар уланып жатканына карабай алардын бардыгы нааразычылык акцияларына чыгышарын билдирди.

Мурдагы Коргоо министри, генерал Исмаил Исаков жана “Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев буга чейин козголгон кылмыш иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын аймагынан чыга алышпайт жана алар борбор шаардагы боло турган митингдерди уюштурууга катышат. БЭКтин калган лидерлери өз ара сүйлөшкөн соң аймактарга чыгышары күтүлүүдө.

Оппозиция президенттик шайлоону легитимсиз деп жарыялап, митингдерди уюштурушарын жарыялаган соң күч органдары да даяр боло башташты. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев мындай жарыялардан соң милиция өлкөдөгү коопсуздукту сактоого даяр экендигин, мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч келтирген ар кандай мыйзамсыз аракеттер ошол замат токтотуларын билдирген. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG