Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Оппозиция шаршемби күнү нааразылык митингге чыгат


БЭКтин уюштуруу штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, нааразылык митингдери жалпы өлкөнү кучагына алуусу мүмкүн. Митингдер куралсыз жана тынч болмокчу. Нааразылык иш-чаралары 23-июлдагы президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга, элдин тандоо укугунун бийлик тарабынан тебеленишине каршылык көрсөтүү максатында уюштурулууда.
Ички иштер министрлиги болсо мамлекеттик түзүлүшкө шек келтирүүчү ар кандай аракеттер жеринде басыларын 23-июлда эле маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG