Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44

Президенттик шайлоонун жыйынтыгы бүгүн чыгарылат


БШКдан “Азаттыкка” кабарлашкандай буга байланыштуу 27-июлда комиссиянын толук курамы жыйынтыктоочу жыйынга чогулмакчы.

Мамлекеттик “Шайлоо” автоматтык системасынын алдын ала чыгарган акыркы эсеби боюнча азыркы президент Курманбек Бакиев 77,81% менен алдыда баратат. Андан кийин бириккен оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев 8,25% добушка ээ болгон. Үчүнчү орунда “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев 5,8%, Токтайым Үмөталиева 1,12% добуш алган, калган эки талапкер Жеңишбек Назаралиев жана Нурлан Мотуевдин алган добуштары 1% га жетпейт. Бардыгына каршы 4,40% добуш берилген.

23-июлда болгон президенттик шайлоону эки талапкер Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев легитимсиз деп таанып, добуш берүү күнүнүн экинчи жарымында шайлоого катышуудан баш тартышкан. Алар буга добуш берүү учурунда бийлик өкүлдөрүнүн, күч кызматкерлеринин жана шайлоо комиссияларынын өздөрү тарабынан одоно мыйзам бузуулар, бюллетендерди массалык түрдө үкөккө таштоолор болгондугун себеп кылышкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG