Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Иран оппозициясы бийликтен уруксат сурады


Иранда оппозиция лидерлери Ички иштер министрлигине кайрылып, президенттик шайлоодон кийинки демонстрациялар маалында каза тапкандарга аза күтүү жөрөлгөсүн өткөрүүгө уруксат сурашты. Президенттик шайлоодо Ахмадинежадга уттурган оппозиция лидерлери Мир Хосейин Мусави менен Мехди Карруби өкмөткө кайрылган катында аза күтүү жыйындарында ыйык Курандан гана үзүндүлөр окулат, бир да киши плакат көтөрүп, саясат тууралуу ооз ачпайт деп убада кылышты. 25-июлда дүйнөнүн ар тарабындагы 100дөн ашуун шаарда Ирандын бийликтеринин көчө акцияларына чыккандарды аеосуз кысымга алганын айыптаган митингдер өттү.

XS
SM
MD
LG