Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

БШК жарандык коомдун доосун негизсиз деп тапты


Бүгүнкү отурумунда БШК алдын ала добуш берүүлөр боюнча “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун арызын карап, доомат далилденген жок деген жообун берди. Укук борбору алдын ала добуш берүүгө мыйзамдагы тараптардан тышкары медицина, байланыш тармагынын кызматкерлери да катышканын билдирген. БШК бүгүнкү отурумунда буга чейин келип түшкөн арыздарды карап, айрым бөлүгүн башкы прокуратуранын кароосуна берди. Буга чейин башкы прокуратуранын кароосуна БШК оппозициялык талапкер Алмаз Атамбаевдин байкоочуларынын фото, видеофактылар менен коштолгон арыздарын берген. Арыздарда бюллетендерди таңгактап салуу, “карусель” ыкмасын колдонуу, протоколду туура эмес толтуруу мүнөздүү дооматтар болууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG