Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

БШК шайлоо жыйынтыгын чыгарды


Шайлоо жыйынтыгын чыгарган БШК жыйынында Курманбек Бакиев 76,12 пайыз добуш менен алдыга чыкканы айтылды.

Жалпысынан 23-июлдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 79,10 пайызы катышты. Бул - 2 329 115 шайлоочу. Шайлоочулар добуш берген 2330 участоктун бардыгы шайлоо боюнча тыянактарын чыгарып бүтүштү. Ага ылайык, добуштардын 76,12 пайызын Курманбек Бакиев, 8,41 пайыз добушун Алмазбек Атамбаев, 6,74 пайыз добушун Темир Сариев, 1,14 пайызын Токтайым Үмөталиева, 0,93 пайыз добушун Нурлан Мотуев, 0,83 пайызын Жеңишбек Назаралиев алгандыгы маалымдалды. БШК өзүнүн бүтүмүн бүгүн Конституциялык Соттун кароосуна жөнөтөөрү күтүлүүдө.

Ошол эле учурда 5 шайлоо участкасындагы добуштар жараксыз деп табылды. БШКнын мүчөсү Алексей Елисеев комисия жалпысынан жүздөн ашуун арызды караганын, дооматтар боюнча катуу чечимдер кабыл алынып, беш шайлоо участкасында добуштар жараксыз деп табылганын билдирди. Арыздар негизинен бюллетендерди дүңүнөн салуу, добуш саноодо байкоочуларга тоскоолдук кылуу, бир эле адамдын бир нече жолу добуш берүүсү боюнча берилген. БШК келип түшкөн арыздарды дагы он күндүн ичинде карайт. Алардын айрымдары тартип коргоо органдарына дагы иликтөө үчүн жөнөтүлдү.

БШК бул жыйында Курманбек Бакиев президенттик шайлоодо жеңгендиги айтылган протокол кабыл алды. Добуштар жокко чыккан участкаларда болсо кайра добуш берүү өтпөйт.

XS
SM
MD
LG