Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Кыргызстан чочко тумоосунун алдын алууга даяр


Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы башкы санитардык дарыгер Сабыржан Абдыкаримовдун билдирүүсүнө таянып маалымдады. Маалыматка караганда, илдеттин жугуу коркунучун алдын алуу үчүн “Манас”, “Ош” аба бекеттеринде, кара жол жана темир жол каттамдарында Кыргызстанга Европа өлкөлөрүнөн, Кытайдан, Казакстандан кирген жүргүнчүлөргө көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат. Саламаттык сактоо тармагы 10 миң оорулууга жеткидей дары-дармек, бейтапканаларда 200 орун даярдап койду. Чочко тумоосун алдын алуу чаралары өкмөттүк комиссиянын көзөмөлүндө деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы.

Бул аралыкта Казакстандын Астана шаарында (H1 N1) А вирусу деген ат менен белгилүү чочко тумоосу менен 12 киши катталгандыгы кабарланды. (BuS)

XS
SM
MD
LG