Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Британия сабырдуу талипдер менен элдешүүнү колдойт


Британиянын тышкы иштер катчысы Давид Миллбанд бүгүн НАТОнун Ооганстандагы стратегиясын өзгөртүүгө чакырып, ооган өкмөтүн сабырдуу турумдагы талибдер менен сүйлөшүүгө үндөдү. Ошол эле мезгилде Милибанд «мунасага келгис» талиптер менен күрөш уланып, аларды жеңиш керек деди. Мунун алдында эле Кабул өкмөтү Түркмөнстан менен чек аралаш Бадгис дубанында талип согушкерлери менен убактылуу элдешүү келишимине жетишкенин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG