Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Аксыда “Атамбаевчыл айыл” суусуз калды


БЭКтин аймактагы координатору Кадыркул Өмүрбеков билдиргендей, айылдын Жарбаскан жана Бечел-Аюу участкаларындагы суу насостору шайлоодон кийин өчүп, элдин жүгөрүлөрү куурай баштады. Насостордун өчүүсүнө айылдагылардын 70 пайыздайы А. Атамбаевди шайлаганы себеп. Кара-Суу айыл өкмөтүнө бүгүн келген 30дай адам эгин суусун саат 17ге дейре чыгарууну талап кылды. Талап аткарылбаса, эртең айыл өкмөттү толук курамы менен кызматтан бошотуу демилгеси көтөрүлөт.

Айыл өкмөт башчы Осмон Нурмамбетов насостордун иштебей калуусу шайлоого эмес, кимдин эсебинде тургандыгы чечилбегендиктен өчкөндүгүн, айыл өкмөттү “кет” деп, адамдар келгени жалгандыгын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG