Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

112 орто мектептин курулушу жүрүп жатат


Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы кабарлаганы боюнча бул мектептер 32 953 орунга эсептелген. Буга чейин 1 676 орундук 4 орто мектеп пайдаланууга берилди. Курулуп жаткан 112 орто мектептин 13ү курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан тургузулуп жатат. Анын ичинен 6 мектеп Чүй облусунда, 5 мектеп Нарын облусунун айылдарында, 1 мектеп Талас облусунда, ал эми дагы бирөө Баткен облусунда курулуп жатат. Калган 99 орто мектеп илим жана билим берүү министрлиги, жергиликтүү бийликтер тарабынан жана жеке адамдар берген каражаттарга курулууда.

Өткөн жылы жаңыдан пайдаланууга берилген айрым орто мектептерде тиешелүү окуу куралдары, парталар, окуу китептери жетишсиздиги тууралуу айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG