Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Британия Ооганстандагы стратегиясын ачыктады


Британиянын премьер-министри Гордон Браун беш аптадан бери Ооганстандагы талиптерге каршы жүргүзүлүп келген ири аскердик операцияны чоң жетишкендик катары баалады. Эми коалиция күчтөрү Гилменд вилайетиндеги стратегиялык маанидеги жайларды көзөмөлдөөдө. Июлда Ооганстанда 20дан ашуун британ жоокери набыт болду. Ал аралыкта Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибанд НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсесинде Ооганстан стратегиясы боюнча сөз сүйлөдү. Милибанд айрым козголоңчулар менен элдешүү, жергиликтүү башкарууну жакшыртуу, регионалдык стабилдүүлүктү өнүктүрүү керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG