Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

Сагынбек Момбеков коопсуз жерде


Бул тууралуу ырчынын туугандарына өздөрүнүн айылдашы Чаткал Жолдошев деген жигит телефон аркылуу билдирген. Сагынбек Момбеков өзү да чөнтөк телефон аркылуу “Азаттыкка” байланышып, азыр белгисиз бир жерде кармалып тургандыгын, аны кечээ автоунаага салып кеткен адамдар ырчынын өмүрүнүн коопсуздугу үчүн ушуга барышканын айтышкандыгын кабарлады. Ырчы ал жерде канча убакыт кармалышы белгисиздигин, эртеңки митингдерге катыша албасын да кошумчалады.

Кечээ түнкү саат он жарымдар чамасында ырчыны белгисиз бирөөлөр “Жип” автоунаасына күчтөп салып кеткендигин, бул тууралуу Сагынбек Момбеков өзү кол телефон аркылуу үй-бүлөсүнө кабарлап жетишкендигин ырчынын жакын тууганы Динара Шаботоева “Азаттыктын” кабарчысына билдирген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG