Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:14

Жоголгон Момбеков боюнча эки ача маалымат чыгууда


Талас аймагында саясий ырчы Сагынбек Момбековдун дарексиз жоголгондугу тууралуу маалыматты иниси Талас бүгүн эртең менен төгүндөдү деп билдирди ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов "Азаттыкка". Анын Бакай-Ата райондук милициянын маалыматына таянып билдиргенине караганда Момбековдун иниси Талас раймилицияга келип, агасы тойдо жүргөндүгү, бүгүн ал кайтып келери тууралуу түшүнүк кат жазып берген.

Ушул эле күнү Момбековдун жээни, СДПнын райондук координатору Динара Шабатоева түшүнүк кат бийликтин кысымы менен жазылды, Сагынбек Момбеков сыяктуу эле анын иниси да кысымга кабылды деп билдирди. Анын айтымында 28-июлда эртең менен ырчы СДПнын Талас облусу боюнча координатору Найзабеков Асылбекке телефон аркылуу байланышып, оппозиция менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын, Бишкекке кетүүгө аргасыз экенин билдирген.
Момбековдун жоголгондугу тууралуу арыз менен Шаботоева кечээ түнү Бакай-Ата райондук милициясына кайрылган. Анын айтымынд түн ичинде саясий ырчы Сагынбек Момбековду Жолдошев Чаткал аттуу жергиликтүү тургун баштаган бир нече адам автоунаага күчтөп салып кеткен бойдон дарексиз. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG