Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Сагынбек Момбековду айылдаштары жашырып отурабы?


Кечээтен бери дайынсыз жок делип аткан саясий ырчы Сагынбек Момбеков кармалып турган жерден телефон аркылуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Адегенде кайсы жерде, кандай абалда кармалып турганыңызды айтсаңыз.

- Кечээ 27синде кечке маал Таластын Таш-Кудук деген жеринде келатсам машина күтүп атыптыр. Артыбыздан бирөөлөр ээрчип алышкан, жүрсө жүрө берсин деп кете бергенбиз. Анан чоң Жип менен келишип, биздин айылдык эле балдардын бирөөсү “Саке, жүрү биз менен” деп айтты. Жок мен барбайм десем, болбой эле машинеге салып кетип калышты. Жолдо келатып айтты, “эгерде сени биз алып кетпесек, булар ар кандай нерселерге барат, ошондуктан биз сиздин ден-соолугуңузду аяп, кой биз өзүбүз алып кетели акебизди деп айттык”, - дешти да коопсуз жерге алып барып коюп коюшту азыр. Машинем ошолордун колунда.

- Айтсаңыз, эмнеге телефондоруңзду өчүрүп салдыңыз, туугандарыңыз түнү менен уктабай, бизге чалып, биз башка жактарга чалып, аябай ызы-чуу болду?

- Айылдаш болгондуктан менин чөнтөк телефонума деле тийген жок. Бийлик ар кандай нерсеге бараарына көзүм жетти. Анткени артыман ээрчип, бензинди аябай артыбыздан тыкыр жүргөңдөн кийин, булар эртеңки боло турган митингге карата менин келгенимди билип, артыман куугунтук кылып атса керек деп ойлоп калдым.

- Сизди Коопсуздук кызматына алып барышты деген да маалыматтар бар?

- Жок, андай болгон. Ал жакка тиги балдар бербей коюшту, өзүбүздө болот деп. Анан эми билбейм мындан ары кандай болуп калат эки күн кармашабы, билбейм. Эки күндөй кармайт го деп турам, анткени эч кандай себеп жок да.

- Демек сиз эртең сиз митингдерге катышалбай калат турбайсызбы?

- Ошондой болуп калышы мүмкүн. Бул бийликтин драмасынын бир түрү да.

- Сизди кармаган жигиттер балким атайлап коркутуш үчүн кармагандыр?

- Мүмкүн. Алар бири-бирине соода кылыш үчүн деле болушу мүмкүн. Бирок менин айылдашым болгондон кийин мен өзүмчө ойлоп атам, андайга барып калбасын деп мени кармап турса керек деп. Бирок мага моралдык чыгым болуп атат, бул жерден машинамды алып коюшту. Мен айтып атам, жок дегенде Бишкеке кетирип жибер, мен кетип калайын деп. Азырынча келелек, келгенден кийин айтам да.

- Үй-бүлөңүз билеби сиздин дайыныңызды. Аларга кабарлап айттыңызбы?

- Алар менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жакшы баары деп койдум, башка эч нерсе деп айта алган жокмун.

- Өзүңүз кандай ойлойсуз, эгерде бүгүн түнү менен Бишкекке жеткирген күнү дагы эртең митингге катыша аласызбы?

- Митингге катыша албай калышым мүмкүн, булар бири-бирине ишеним алышат да мындай кылам, тигиндей кылам дешип, катыштырбай коюшу мүмкүн, митинг болуп өткөндөн кийин кое бериши мүмкүн.

- Сиз айтып атпайсызбы эптеп Бишкекке жеткир дедим деп. Эгер бүгүн түнү кое беришсечи?

- Ошондой да болушу мүмкүн, Бишкеке чейин коштоп жеткирип коюшу мүмкүн.

- Алар сизден эмнени талап кылып атышат?

- Митингге катышпашым керек.

- Сиз кантип айта аласыз, Бакай-Атада, Таласта элдин маанайы кандай болуп атат?

- Алар байкуштардын чөнтөгүндө тыйын да жок. Митингге катышканга тыйыны жок. Ошол гана кендирди кесип атат, болбосо шайлоо туура эмес болуп калды деп өтө көп даттануулар болуп атканын мен өз кулагым менен уктум, ушунчалык көп болду.

- Бирок эртең митингге чыккандарды колдой турган түрү барбы элдин?

- Эл колдоп эле турат. Кемпирлерге чейин айтып атышат “чыгыш керек” деп. Бирок келгенге акчасы жок. Элдин духу жакшы. Туура эмес болуп аткан шайлоонун өкүтчүлүгү ушунчалык кыжырына тийди, чырылдап, ушул жерде байкоочуларды тепкилеп, сыртка сүйрөп чыгарып, ар кандай кылгандарын мен угуп аттым.

- Туугандарыңыз кечээ сиздин дайынсыз жок болушуңузга байланыштуу милицияга кайрылышты. Эми милиция сизди уурдап кеткен жигиттерге чара көрүшү мүмкүнбү?

- Жок, аларга даттануу болушу мүмкүн эмес, милиция баары чогуу, даттануу да арзыбайт. Азыр алар жанымда жок болгондуктан мен эркин сүйлөп атам.

- Сиз азыр коркунучсуз жайда отурам деп эсептеп атасызбы?


- Мүмкүн. Мен айта албайм, тиги балдар айтышты ушундай деп. Ишенбеске да, ишенгенге да айлам жок.

- Эмнеге туугандарыңызда келип алып кеткиле деп байланышкан жоксуз?

- Алар тиги жактан айтыптыр, тойдо жүрөбүз азыр деп коюптур. Ишененет да айылдышыбыз болгондон кийин. Мен тойго барып шаңдана тургандай эч көнүлүм жок.

- Сизди алып кеткен адамдын аты-жөнү ким?

- Чаткал.

- Рахмат маегиңизге, сак-саламат болуңуз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG