Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Кыргызстан экономикасы каатчылыкка туруктуу


Бүгүн өкмөт жыйын куруп, анда быйылкы жылдын биринчи жарымындагы өлкөнүн экономикалык абалын талкуулады. Анда дүйнөлүк каржы-экономикалык каатчылыктын жана энергетика тармагындагы туруксуздуктун терс таасирлерине карабастан өлкө экономикасы туруктуулугун көрсөткөнү айтылды. Айыл чарба, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармагында жылыштар болгон менен, өндүрүш тармагында киреше былтыркыга салыштырмалуу 18,9 пайызга азайганы маалымдалды. (EBM)

XS
SM
MD
LG